Menu

Жоголуп кеткен жейрендерди калыбына келтире алабызбы?

Бөлүшүү:

Токой чарбасын жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиктин (ТЧ жана АЧКМА) директору Мирслав Аманкулов Кыргызстанда жоголуп кеткен жейрендерди кайра калыбына келтирүүнү көздөп келет. Бул тууралуу ал 14-ноябрда басма сөз жыйынында билдирди.

М.Аманкулов жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусуна барып, Көлдүн түндүк тарабына, ошондой эле Орто-Токой суу сактагычынын түштүк-батышындагы ээн жерлерге барып, аймакты карап келген. Жакынкы арада ал жерлерге аталган агенттик 50 баш жейренди кое беришет. Анан коргоого алынып, балким көбөйө башташат.

“Бул жерлер жейрендердин жашап кетишине ыңгайлуу экен. Суу ичкенге жанында Орто-Токой суу сактагычы турат. Анын үстүнө 30-70-жылдары бул жерлерде жейрендер жайлаган”, – дейт жакшы тилекке үмүт арткан директор.

Агенттиктин басма сөз кызматы жейрен өтө көркөмдүү, тез чуркаган жаныбарлар экенин айтышты. Өңү сары кумдай болуп, куйруктары кара келет. Текечерлеринин кара мүйүзү болот, ал эми ургаачыларынын мүйүзү болбойт. Өсүмдүктүн бардык түрүн жей  беришет. Негизинен эрмен, шыбак оттошот. Денесинин узундугу 93-116 см, бийиктиги 60-75 см, салмагы – 18-33 кг. Эркектеринин мүйүзү 30 см болсо, ургаачыларыныкы 3-5 см.

Жейрендердин дагы бир өзгөчөлүгү – туздуу суу деле иче беришет жана узак мезгил бою суусуз да жүрө алышат. Негизинен Ирандын, Армениянын, Ооганстандын, Пакистандын, Монголиянын, Кытайдын, Кавказдын жана Орто Азиянын чөлдүү ээн жерлеринде жашашат.

Жейрендер таш-кумдуу, аз өсүмдүк өскөн жерлерде оттоп жүрүшөт. Түз жана бөксө дөбөлүү мейкиндикти жактырышат. Жамгыр менен кардын суусуна эле каныгып алышат. Бир аймактан чыкпайт. Эртең менен кечкисин гана оттошот. Көздөрү курч, кулактары сак. Аябай абайлап жашаган жаныбар. Ургаачылары 5,5-6 ай боозуп жүрөт, апрелдин аягынан июлдун башына чейин төлдөшөт. 1-2ден тууйт, 3-4 тууган учурлары аз. Улактары 3 ай энесинин жанынан чыкпайт. Куут учурунда 3-5тен болуп текечерлери топтошуп калышат. Жейрендер бадалдарга жашынып, киши көзүнөн оолак болгонго аракет кылышат.

30-40-жылдары жейрендердин саны жетиштүү болгон. Орто Азияда жүз миңдеген жейрендер жайлаган. Кыргызстанда негизинен Көлдүн чыгышында болгон. Ошондой эле Чүйдө да болгон. 80-90-жылдары жейрендердин саны өтө кыскарып кеткен. Азыр дегеле жок. Жейрен Кыргызстандын кызыл китебине кирген. Мыйзамга ылайык, бирөөлөр тарабынан атылса, 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Азыркы тапта эки тараптуу кыргыз-казак протоколуна кол коюлуп, анда казак тарап кыргыз тарапка 50 баш жейрен өткөрүп бериши каралып, жейрендер Көлдүн түндүк бөлүгүнө жана Орто-Токой суу сактагычынын түштүк-чыгыш бөлүгүнө кое берилмекчи.

Мындан тышкары аталган мамагенттик казак кесиптештерине жейрендерди калыбына келтирүү долбоору боюнча биологиялык негиздөө жөнөтүшкөн. Азыр тыгыз сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: