Menu

Мирлан Каниметов, ИИМ министринин орун басары: “Жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгон”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда «Республика – Ата Журт» фракциясы Жогорку Кеңеште өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов келип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Анда депутаттар мыйзамсыз паспорт берүү боюнча канча кылмыш иши козголгонун М. Каниметовдон сурашканда, ал жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгонун айтты. Ошондой эле ал мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 13-ноябрда ИИМ Кыргызстанда издөөдө жүрүп киши колдуу болгон Айэркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталганын, ал колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон. Бул фактыга боюнча 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн УКМК  жарыялаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: