Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынат (анын ичинен 821 — чоң адамдар жана 155 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
2 Жарлыкка ылайык, 929 адам (анын ичинен 722 — чоң адамдар жана 207 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.
Бардыгы 1905 адам кайрылышкан (1543 — чоң адамдар жана 362 — балдар).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ