КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигинен Жыпар Жекшеев өз арызы менен 13-ноябрда кеткен. Анын ордуна төкмө акын Азамат Болгонбаевди журналист Тынчтык Алтымышов коомчулукка социалдык тармактар аркылуу сунуштап чыкты. Көпчүлүгү колдоп жатат.
Эске сала кетсек, Жыпар Жекшеев былтыр, июнь айында КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине экинчи мөөнөткө шайланган. Шайлоодо 15 мүчөнүн ичинен жалгыз төкмө акын Азамат Болгонбаев гана Жыпар Жекшеевдин жана Илим Карыпбековдун кайрадан жетекчиликке шайланышына жалгыз каршы чыккан мүчө, калганы колдоп эле жүрүшөт. Өзгөчө Илим Карыпбеков менен кармашкан, анын кемчилигин бетине айткан.
Мыйзам боюнча, төраганын арызы парламентте каралат жана жаңысы тандалат. Байкоочу кеңеште 15 мүчө бар, алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөнү жарандык коом сунуштайт. Сунушталган талапкерлерди парламент тандайт. Жыпар Жекшеевдин талапкерлигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Ошон үчүн ал аны аябай жактап, мактап жүрдү. Атүгүл, Кой-Таштагы окуяга чейин анын хан сарайына барып, акыбалын сурап кеткен. Анда Атамбаевдин жактоочусу Кундуз Жолдубаева андан кыскача маек алып, социалдык тармактарга тараткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ