Menu

Айдоочуларга 110 ч/с ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилди

Бөлүшүү:

Кыргызстан өкмөтү автоунааларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берди. Жол кыймылынын эрежесине тийиштүү өзгөртүүлөр 2019-жылдын 31-октябрында киргизилген.

ИИМден түшүндүрүшкөндөй, ылдамдыкты көбөйтүү эл аралык маанидеги жолдордун унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу. Андан сырткары, жогорку ылдамдыктагы коопсуз унаалардын паркы көбөйүүдө.

Бирок азырынча кайсы тилкелерде жана трассаларда мындай ылдамдык менен жүрүүгө боло турганы так айтыла элек. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине расмий жарыялангандан он күндөн кийин, күчүнө кирет. Кыргызстандын аймагында төмөнкү жолдор эл аралык маанидеги жол болуп эсептелет:

• Бишкек – Луговое – Кордай (Казакстан);

• Алматы – Бишкек – Ташкент (Бишкектин айланма жолу);

• Кара-Балта – Чалдовар – Казакстан менен чектешкен жер;

• Бишкек – Ош;

• Ош – Сары-Таш – Эркештам;

• Сары-Таш – Кары-Мык – Тажикстан менен чектешкен тилке;

• Сары-Таш – Кызыл-Арт – Тажикстан менен чектешкен тилке;

• Түп – Кеген (Казакстан);

• Балыкчы – Ананьево – Каракол;

• Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол;

• Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт – Кытай менен чектеш тилке; .

• Жалал-Абад – Казарман;

• Актал – Казарман;

• Бишкек – «Манас» аэропорту;

• Ош – Ташкент Кокон аркылуу Анжиян;

• Ош – Баткен – Исфана – Кайрагач;

• Суусамыр – Талас – Тараз;

• Кочкор – Арал – Төө-Ашуу;

• Өзгөн – Мьфза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку;

• Бишкек – Токмок – Балыкчы – Нарын — Торугарт;

• Кадамжай — Чечме – Сох Өзбекстан;

• Баткен – Кара-Токой – Сох;

•Көкмойнок – Кувакы – Кочкор;

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: