Menu

WSJ: АКШ Египетке эскертүү берди

Бөлүшүү:

АКШ эгер Египет Орусиядан Су-35 согуштук учактарын сатып алса, ага каршы санкция киргизиле турганын эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Марк Эспер Египеттин коргоо министрине кат жөнөтүп, «курал-жарак сатып алуу боюнча Орусия менен жаңы келишим түзүлсө, АКШ менен Египеттин келечектеги коргоо тармагындагы операциялары татаалдаша турганын» билдирген.

Маалыматка караганда, Эспер катты Египеттин коргоо министринин Орусияга жасай турган сапарынын алдында жазды. Бул жумада Сергей Шойгу Каирге барып, тараптар аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулашкан.

Быйыл жазында «Комменсант» гезити өз булагына таянып, Орусия менен Египет 2 миллиард долларга ондогон Су-35 учагын сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн кабарлаган. Бирок Орусиянын «Рособоронэкспорт» ишканасы ортодо мындай келишим бар экенин четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: