Menu

Азимбек Бекназаровдун Эски аянттагы жыйыны болбой калды. Эмнеге?

Бөлүшүү:

Мурдагы депутат, коомдук ишмер, журналист Азимбек Бекназаров 24-ноябрда, Эски аянтка «Элдик талкуу» өткөрмөк. Ал болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда  “Демилге” топтун төрагасы Айбек Бузурманкулов билдирип, себебин түшүндүргөн демилгечи топтун билдирүүсүн почтабызга жиберди.

“Демилгечи” топтун билдирүүсү төмөндөгүдөй:

Башкаруунун түрү, шайлоо системасы, бийликтин ал алдындагы отчеттуулугуна байланыштуу элдик демилге тартибинде, мыйзам долбоорун даярдап, тийиштүү элдин колун топтоп, ал маселелер боюнча референдум дайындоо мыйзамын Жогорку Кеңешке киргизген демилгечи топ, 2019-ж. 24-ноябрында Бишкекте, эски аянтта В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик угууну өткөрүүнү жарыялаган эле.

Курултайдын чечимдерин Аткаруу Комитетинин расмий бийлик менен сүйлөшүү боюнча өкүлү Т. Акундун расмий билдүүсүнө караганда, элдик демилге менен киргизген мыйзам долбоорун, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринде расмий карала баштаган. Ошого байланыштуу ачык асман алдында элдик угуунун зарылдыгы жоюлду. Демилгечи топ Конституциядагы жана мыйзамдагы укук, милдеттеринин чегинде Жогорку Кеңеш менен Конструктивдүү иш-аракеттерин улантаарын расмий билдирет.

Биздин демилгени колдогон баардык мекендештерибизге ыраазычылык айтабыз жана аталган мыйзам долбоорун кабыл алдыруу боюнча мыйзамда каралган бардык аракеттерди уланта берерибизди билдиребиз. Биз дагы бир жолу бекем белгилейбиз жана шайлоо босогосу боюнча талашып жаткан саясий уюмдарга айтабыз, кеп 3 же 9 пайызда эмес, маселе шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүүдө… Ал качан өзгөрүлөт? Кандай өзгөрүлөт? 2020-жылыбы же андан кийинби, кандай шайлоо системасы эл үчүн пайдалуу? Ушуну эл чечсин деп жатабыз. Кеч болсо да, Жогорку Кеңеш элдик демилге менен киргизилген мыйзам долбооруна көңүл бурганына рахмат дейбиз“.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: