Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Атамбаевдин Кой-Таштагы колдоочулары, “Атамбаев бизди сатып, өзүнүн кара башын коргогонго өткөн турбайбы” деп катуу ызырынышыптыр”

Бөлүшүү:

Мамбетжунус агай, Атамбаевдин кечээги кайрылуусунда айткан сөздөрүн кандай кабыл алдыңыз?

– Кайрылуусун окудум. Кой-Таштагы кандуу кагылышка бийликти айыптап, кармалган балдарды бошот, «өч алсаң менден өч ал» деп талап кылыптыр. Ошондуктан «Былгыткан кыз, жалааны башкага жабат» деген кыргыздын макалын эстедим. Кимдер бүгүн Кой-Таш коогалаңы боюнча камакка алынышты? Ошол кандуу кагылышты С. Жээнбековду бийликтен кетирем деп уюштурган Атамбаевдин өзү. Ага ишенип алып, бийлик кызматкерин атып салган, оор жарадар кылган, калгандарын ур-токмокко алып, барымтага кармашкан чала саясатчылар эле капаста отурушат. Азыр тергөө иши уланып жатат. Чыдай туралы. Бей күнөөлүүсүн сот актап, капастан чыгарат, күнөөлүүсүн жылын атап, абакка жөнөтөт.

– Ушуну билип туруп, Атамбаев эмне себептен капаста жатып алып үн катты?

– Мунун эки себеби бар. Биринчиси, сиз деле уксаңыз керек, бир жума мурун ал өзүнүн саясый өнөктөшү, депутат Карамушкина аркылуу, “Мен Жээнбековдорду кечирүүгө даярмын” деп элге маалым кылган. Атамбаевдин айынан бүгүн капаска кабылган анын Кой-Таштагы колдоочулары, муну уккандан кийин, “Атамбаев бизди сатып, өзүнүн кара башын коргогонго өткөн турбайбы” деп катуу ызырынышыптыр. Ошондон коркуп кетип, Атамбаев аларды бошот, мени камай бер деп билдирүү жасоого мажбур болду. Экинчиси, сизге деле маалым, өзүнүн көп жылдар бою саясый өнөктөшү болгон С. Жээнбековго өз каалоосу менен бийликти өткөрүп берип алып, анан Атамбаев «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарттыга» өткөн. Себеби, бийликке келген С. Жээнбеков “Мен Атамбаевге эмес, элге кызмат кылышым керек, мен Атамбаевге эмес, мыйзамга баш ийишим керек” деп элдин үмүтүн жогорулатты. Ошондуктан, бүгүн ким бийликке каршы кыймыл жасаса, Атамбаев аларды колдоого кызыкдар. Биздин саясый айдыңда бийликке каршы баарлашуу кайра жандана баштаганын капаста жатып угуп, ошолордун демин күчөтүш үчүн да кечээ үн катты. Себеби, анын үн катышын күткөн саясатчылардын бийликке каршы бүгүн аракет кылып жатканы ага жетип жатат.

– Алар кимдер?

– Бул жашыруун деле эмес. Келерки жыл шайлоо жылы. Депутат болсом деп эңсеген инсандар, шайлоо кодексинде бекитилген 9 пайыздык тосмону 5 же 3кө ылдыйлатууну талап кылып, эгер бул сунуш ишке ашпаса, парламенттик шайлоо 2005-жылдагыдай болуп төңкөрүш менен аяктайт деп байма-бай жар салып жатышат. Алардын төңкөрүш тууралуу айтып жаткандарын Атамбаевге жолдоп жаткан эле маалымат катары бааласа
болот. Себеби, ошого эң кызыкдар бүгүн Атамбаев болуп турат. Ошондуктан ага дем бериш үчүн анын баласы менен сүрөткө түшүшүп, сайттарга жарыялап, ал үй камагына, эл аянтка чыгыш керек деген сөздөр жайыла баштады. Кыймылга кирүү мезгилин алар 2020 деп болжолдоп, 9 пайыздык чектен өтүп кета ала тургандар каралана баштады. Себеби алар турган топ 9 пайыздык тосмону аттап өтөрү бышык. Алар караланса, парламентке таза эмес күчтөр келди деген негиз жаралып, элдин күчү менен, элдик парламент түзүү талабы жаралат. Алар билет, эл бийликке каршы чыкканда, Айдар, Бермет «Алга Кыргызстанда», Максим, Жаныш «Акжолдо» бир заматта армиясы жок генералдарга айланып калганын. Мындай тагдырды алар өз башынан кечириши ыктымал, себеби аларды коштогондор, мурун Айдар, Бермет, Максим, Жаныш жана Атамбаевди коштоп, анан кырдаал курчуганда аларды таштап кеткен адамдар. Мындай кырдаалга дуушар болбош үчүн Акаев менен Бакиевдин каталарын азыркы бийлик кайталабаш керек….

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: