Menu

ТИМ: «Саясий абал курчугандыгына байланыштуу кыргызстандык үч студент Гонконгдон чыгып кетти”

Бөлүшүү:

Гонконгдо окуп жаткан кыргызстандык үч студент шаардан чыгып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-ноябрда билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Гонконгдо саясий абал курчугандыктан 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кеткен, калгандары жакынкы күндөрдө аймактан чыгып кетүүнү пландап жатат. Ал жактагы кыргызстандыктар коопсуз жайга которулган. Башкы дипломатиялык мекеме студенттерди тополоңго аралашпоого, өтө зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырган. ТИМдин тапшырмасы менен башкы консул Гонконгго учуп кеткен.

Буга чейин, бүгүн Гонконгдо окуган студенттердин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүнү суранышкан.

Эске сала кетсек, бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой, байма-бай болуп келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда төмөнкү телефон аркылуу байланышса болот:

1. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги: +8610-64681348 (уюлдук телефон) +8618611736340 (WhatsApp, WeChat), +8613260203680, +8613581902801;

2. Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулдугу: +8613925051627 (уюлдук телефон),+8618666093015.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: