Menu

Ташкентте Кыргызстан менен Казахстандын Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-ноябрь күнү Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин карап чыгышты, кыргыз-казакстан өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин ушул жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча пикир алмашышты. Сапардын уюштуруучулук-протоколдук маселелерине жана мазмундуу бөлүмүнө тараптардын өзгөчө көңүлү бурулду.

Сүйлөшүүлөр Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында болуп өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: