Menu

Шойкомдуу шайлоо технологиясы же саясий коррупциянын жел аргысы

Бөлүшүү:

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар «тыпырай» башташты. Өзгөчө учурдагы депутаттар жана чакырылыш сайын парламентте өзүн көргүсү келгендер ашкере активдешип, ар кандай жыйындарды, тегерек столдорду, талкууларды уюштуруп, келерки парламенттик шайлоонун күңгөй-тескейин талкуулап жатышат. Албетте, демократиялык өлкөдө мындай жыйындардын болуп турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, ар кимиси эле кадимки саясий лоббизм менен алектенип, өз кызыкчылыктарын жылдыра бербесе дегибиз келет.

Атап айтсак, апта башында: «Депутатка добуш берүү – ар бир жарандын конституциялык укугу» деген темада жыйын болуп өттү. Ага 35тей киши катышып, «Жарандык көзөмөл» комитетинин өкүлү Динара Ошурахунова модератор болду. Шайлоо кодекси тууралуу сунуштар айтылып, аны менен катар Smartmatic аттуу фирманын өкүлү Мохамед Мансур шайлоодо колдонула турган техникалык жабдыктарды жана алардын артыкчылыктарын көрсөттү. Булар сунуштаган система боюнча жаран шайлоого келгенде бюллетень жок эле, электрондук түрдө шайлоого катыша тургандыгы айтылды. Бул системага ылайык, шайлоочу кагазга белги койбостон, планшетке окшогон компьютер (же экран) аркылуу каалаган партиясына жана алар сунуштаган 120 депутатка өзүнчө добуш бере алат экен.

Муну колдоп, алдыга жылдырып жаткандардын бири Жанар Акаев электрондук добуш берүү аркылуу преференциалдык (ар бир талапкерге өзүнчө добуш берүү) шайлоо системасын ишке ашыруу ойлору бар экенин жашырган жок. Алардын пикиринде, шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш бериш керек экен.

Эми бул Smartmatic компаниясынын чоо-жайына токтоло кетсек. Булар 2015-жылдагы биометрикалык шайлоого тендер жарыяланганда ага катышып, жеңбей калышкан. Кореялык компания жеңип, ошолордун жабдыктары менен 2015-жылдагы парламенттик дагы, 2017-жылдагы президенттик дагы шайлоо өткөнүн билебиз. Бул система менен эл жакындан таанышып, көнүшүп калды. Кыргызстандын тарыхындагы эң таза шайлоолор болду деп, бардык чет элдик байкоочулар дагы баа беришкен.

Ал эми венесуэлалык Smartmatic компаниясы дүйнөдөгү ушул сыяктуу көп компаниялардын бири. Алар «Жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп, 4 жылдан бери тынчыбай эле, биздин депутаттарды айланчыктап, улам-улам аларга пезентация кылышып, өздөрү биздин депутаттарды дагы саясий коррупцияга түртүп жатышат. Эми болсо эки депутатыбыз аларга ылайык мыйзам жазып, коомдук талкууга алып чыга калышты.

Бул компаниянын Венесуэланын акыркы президенттик шайлоого катышуусу чыр-чатак менен аяктаганы белгилүү. Булар өздөрү түзгөн электрондук шайлоо системасына өздөрү ишенбей, президенттик шайлоонун жыйынтыктары фальсификацияланды деп айтып чыгышты. Демек, бул жагдай системанын ишенимдүү жана бекем эместигин айтып турат.

Мындан тышкары, биздин эл мындай жалаң планшет, сенсордук экран менен иштеген система аркылуу добуш бере алабы – мына суроо ушунда. Шайлоодо добуш берет элем деп келген ар түрдүү катмардагы адамдар, айрыкча 80деги чал-кемпирлер өздөрү, эч кимдин жардамысыз бул планшеттер аркылуу добуш бере алабы? Албетте, аларга башкалардын жардамы керек болот, бул жерде дароо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп жатат. Эл мындай системага даяр эмес жана андан дароо чочулашат.

Анын үстүнө биздеги Конституция менен аныкталган саясий системасы жана ага негизделген шайлоо добуш партияга, анын идеясына жана программасына берилет. Ар бир депутатка өзүнчө берилбейт. Мындан улам шайланып келген партиялар өз алдынча коалиция түзүшүп, Өкмөттү дагы программасына жана курамына ылайык бекитишет. Башкача айтканда персоналдуулук эмес, партиянын программасына негизделген саясий система.

Бул компания бир канча жылдан бери технологияларын элге, рынокко алып чыгып тааныштырбай, элге өз системасын түшүндүрбөй туруп, депутаттар аркылуу бизге таңуулаганы донорлор аркылуу акчага маарыгысы келип, жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөнүн, саясий коррупция менен алектенип жатышканын көрсөтүп турат. 10-20 млн. доллар турган булардын системасына акчаны ким берет, албетте, донорлор. Пайдасын компания жана аны түртүп жаткан биздин лоббисттер көрөт.

Булардын таңуулап жаткан системасына ким кепилдик бере алат? Ушул жоопкерчиликти колдоп жаткан депутаттар Жанар Акаев, Исхак Масалиев же башка саясатчылар өздөрүнө ала алышабы? Же Венесуэладагыдай таза эмес шайлоонун аркасы менен нааразычылыктарга жол бергилери келип жатышабы?

Ар кандай шектүү компаниялар дспутаттардын колу менен акча табуу аракеттерине, же саясий коррупцияга жол бербеш керек.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: