Menu

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана ак ниет каалоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан мамлекетинин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана калктын бакубаттуулугун арттыруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык жетишкендиктерди ийгиликтүү ишке ашырууда.

Жалпы тарых, көп кылымдык достук жана ынак коңшулаштык элдерибиздин туруктуу баалуулуктары болуп кала берет жана казак-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө бекем өбөлгө катары кызмат кылат.

Кыргызстанга боло турган визитиме өзгөчө маани берүү менен анын жыйынтыгы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кеңири келечекти жана мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем», — деп белгиленет Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго мамлекеттик ишмердүүлүгүндө албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстандын элине бакубатчылыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: