Menu

ЖЭБдеги коррупция боюнча соттук ишке Текебаев менен Атамбаевди чакыруу сунушталды

Бөлүшүү:

Коррупциялык элементтерди боюна камтыган соттук иш соңуна чыга элек. Атап айтсак, 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча сот жараяны уланып, соттолуучулар суракка алынды. Отурум башталары менен Жантөрө Сатыбалдиев өтүнүч келтирип: «Өмүрбек Текебаевди көрсөтмө берүүгө чакырууну суранам. Ал документти ратификация кылганга активдүү катышкан. Мындан сырткары, ошол учурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди чакырууну өтүнөм. Кылмышты иликтөө маалында ЖЭБти модернизациялоо ишинде Атамбаев тапшырма бергени айтылды»-деди. Айтылгандар ишке тиешеси жок деген чечим кабыл алган судья Инара Гилязетдинова өтүнүчтү четке какты. 13-ноябрдагы соттук отурумда бул иште шек саналып жаткандардын баары суралып бүттү.  Акыркылардан болуп «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова көрсөтмө берди. Айыпталуучулардын экөө жактоочуларынын гана суроолоруна жооп берип, башка көрсөтмө берүүдөн баш тартышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 26-январь күнү Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишканада авария болгон. Кыштын кыраан чилдесинде бир нече күн бою шаар тургундарынын көбү жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Насыяны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган.

Учурда Свердлов райондук соту карап жаткан кылмыш ишке байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Жемкорлорлукка шектелгендерге «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча ЖЭБди жаңылоодогу мыйзамсыз иштерден мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы айтылган.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: