“Манас” аэропортуна бараткан жолдо жеңил машина трассадан чыгып кетип, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы түнкү саат 1:30дар чамасында “Манас” айылына жакын жерде болгон. “Volkswagen Passat” машинанын айдоочусу рулду башкара албай калып, трассадан чыгып кетип, жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Башка эч кимиси жабыркаган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ