Menu

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: «КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине талапкерлигимди коем»

Бөлүшүү:

КТРнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Жыпар Жекшеев түшкөндөн бери, анын ордуна ар кимдин аты атала баштады. Социалдык тармактагылар төкмө акын, Байкоочу кеңештин мұчөсү Азамат Болгонбаевди колдоп жатышат.

Ал боюнча Азамат Болгонбаевдин кабары бар болду бекен жана  жетекчиликке ат салышат болду бекен деген ой менен кайрылсак, ал талапкерлигин кое тургандыгын айтты. “Мени колдоп жаткандарды билген жокмун. Албетте, аларга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Талапкерлигимди коем деп турат. Анын жыйынтыгын шайлоо көрсөтөт. Азырынча көп нерсени жакшы ойлоно албай жатам. Себеби, ооруп, жаңы эле жакшы болдум. Жакын кесиптешим, төкмө акын Акжолтойдун (жол кырсыгынан каза болгон төкмө акын Акжолтой Канат уулу жөнүндө сөз болууда -авт.) келинчеги менен каза болгонун укканда кан басымым 180ге көтөрүлүп кетти. Ошондон улам, топурак салууга да бара албай калдым. Арман. Кечээ эле, 29-октябрда “Санжыра” радиосуна чогуу барып, анын апасы, менин жеңем Майра Керим кызын эскерген элек. Ошондо сүрөткө түшкөн элек. Эми минтип жоктоп, өзүн эскерип калдык»,-деп оор үшкүрдү А.Болгонбаев.

Эске сала кетсек, Жыпар Жекшеев былтыр, июнь айында КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине экинчи мөөнөткө шайланган. Мыйзам боюнча, төраганын арызы парламентте каралат жана жаңысы тандалат. Байкоочу кеңеште 15 мүчө бар, алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөнү жарандык коом сунуштайт. Сунушталган талапкерлерди парламент тандайт. Жыпар Жекшеевдин талапкерлигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган.

СҮРӨТТӨ: Азамат Болгонбаевдин Акжолтой Канат уулу менен түшкөн акыркы сүрөтү. 29-октябрда, “Санжыра” радиосунда Акжолтойдун апасы Майра Керим кызын эскеришкен. 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: