Menu

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектеп жана 26 бала бакча курулууда

Бөлүшүү:

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 265 мектепте 1 268 068 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Мисалы, Бишкек шаарында 77 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө жүк 173 193 окуучуну түзөт. Бул тиешелүү сандан эки эсеге көп.

Маселени чечүү максатында 2019-жылдын 9 айында өлкөдө 3 339 окуучуга ылайыкталган 15 мектеп курулган. Азыркы тапта «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп, 60 билим берүү мекемеси оңдолуп жатат.

Муну менен бирге республика боюнча 198 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын ордуна жаңы билим берүү мекемелерин салуу үчүн 20 млрд сомго жакын талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселени чечүү максатын катуу койгон.

Жыл сайын мектепке чейинки курактагы балдардын саны да өсүп жатат. Бүгүнкү күнү расмий маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 197 миң бала барат. Алардын ичинде 186 миң бала мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга барышат.

Окуу жашына чейинки балдарды камтууну көбөйтүү максатында жалпы билим берүү уюмдардын имараттарын оптималдаштыруу жүргүзүлүп, 7 358 баланы камтыган кошумча 100 бала бакча ачылды. Ошондой эле  120 кошумча кыска мөөнөттө калуу мекемелери ачылып, 10000 бала камтылды.  Мындан сырткары 2012-2019-жылдары башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткен 224 бала бакчанын имараттары кайтарылып берилгенин белгилеп кетүү кажет. Алардын ичинен 9 имарат 2019-жылы кайтарылды.

Натыйжада бүгүнкү күндө жалпысынан мектепке чейинки жаштагы балдардын 40,9% мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары менен камтылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: