Menu

Аскарбек Сариев, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы: “Алдыга коюлган максаттар дээрлик толугу менен аткарылды”

Бөлүшүү:

– Аскарбек Надирбекович, Сиз башкарып жаткан Сузак айыл өкмөтү башта дотацияда отуруп келсе, 2018-жылдан республикалык каржылоодон чыгып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен иш жүргүзүүгө өтүпсүздөр. Мындай натыйжалуу ийгиликке кантип жеттиңиздер, кайсы тармактарда басымдуу иш алып бардыңыздар, экономиканы көтөрүүдө негизги каражат кайсы булактардан түшүп жатат?

– Эң ириде, калктын муктаждыгын жоюу максатында көрүлүп жаткан тынымсыз аракеттердин натыйжасы болду деп ойлойм. Аракет болгон жерде сөзсүз натыйжа болоору шексиз. Мындай натыйжага жетишүү үчүн жетекчи катары ишти туура уюштуруп, ар бир иштин аягына чыгууга көңүл буруу менен жалпы калктын колдоосуна ээ болуу керек. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, айыл өкмөт аймагындагы көп улуттун өкүлдөрү бир максатта, эртеңки күнгө карата ишенимдүү көз карашта колдоо көрсөтүп келе жатат. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып келген иш-пландарыбыз ийгиликтүү ишке ашып келүүдө. Мисалы, кошумча салык төлөмдөрүн табуу, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион системасы аркылуу ижарага берүү, анан албетте экономиканын абалын жакшыртып, өндүрүштү көтөрүү үчүн сырттан инвестиция тартуу иштери оң натыйжа берди.

Жогорудагыдай пландуу иш-аракеттердин жыйынтыгында Сузак айыл өкмөтү дотацияда чыгып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен иш жүргүзүүгө жетиштик. Мен бул айыл өкмөттү үч чакырылыштан бери жетектеп келе жатам. Бул мезгил аралыгында, тактап айтканда 2009-жылдан берки 10 жыл ичинде айыл өкмөткө 22429 700 сом киреше алып келинди. Мисалы, былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6 млн 308 миң сомго көп киреше түштү.

Айыл өкмөттүн 2009-жылдагы жергиликтүү бюджеттин көлөмү 12963,0 миң сомду түзгөн болсо, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү 51392,7 миң сомду түзгөн. Бул фактылар жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын аткарылышынан жана социалдык-экономикалык өнүгүү эсебинен келип чыккандыгын көрсөтүп турат.

— Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүгө карата кандай иш-чаралар түзүлүп,  канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашырылууда?

– Президентибиздин С.Ш. Жээнбеков 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана  санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгында белгилеген тапшырмаларды аткаруу максатында жыл башында атайын программаларды иштеп чыкканбыз. Иш-чаранын долбоорунда бардык маселелерди камтып, аны чечүүнүн жолдорун, каржы булактарын так аныктап чыкканбыз. Бүгүнкү күнгө карата алдыга коюлган максаттар дээрлик толугу менен аткарылды,- деп айтсак болот.

Айыл аймагында жайгашкан 12 мектептин бардыгында интернет туташтырылган жана алардын тийиштүүлүгүнө жараша видео байкагыч жабдуулар бардык 12 мектепте орнотулган. Ал эми Кыргыз Республикасынын накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018- 2022-жылдарга мамлекеттик программаны турмушка ашыруу боюнча иштерди күчөтүү пландалууда.

Сырьёлук базаны эске алуу менен аймактарда өнөр жай, айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлорду куруу, өнүктүрүү боюнча инвестицияларды тартууда Сузак айыл аймагында 2019- жылы жалпы өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 110%га аткардык. Айыл чарбасы – 103,5%, курулуш – 106,0%, кызмат көрсөтүү – 108,1%га өстү. Салык базасы 3,5%дан, ал эми өзүн-өзү каржылоо көрсөткүчү 5,0%дан кемиген жок. Сузак айылында полиэтилен трубаларын чыгаруучу цех курулуп, ишке киргизилди. Ат-Чабар участкасында бышкан кыш чыгаруучу завод ишке кирип, калкты продукция менен камсыздап жатат. Таш майдалоочу цех ишин баштоонун алдында турат. Айыл чарбасы боюнча айтсак, буудай – 100га, пахта –
2,0га, картошка – 25 гектарга эгүү аянттары көбөйгөнү турат. Жаныбарларды идентификациялоодо айыл аймагы боюнча мал жандыктарына 11500дөн ашык идентификациялоо мамлекеттик бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери туруктуу жүргүзүлдү.

Ирригацияны өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыздоо иштерине тиешелүү долбоорду турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөттүн аймагындагы Кыр-Жол айылынын элин таза суу менен камсыз кылуу, Сузак айылына караштуу Жийде-Арал участкасынын 5,5 км аралыгын таза суу линияларын курууга долбоор даярдалууда. Айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыздбо – 97%га аткарылды.

“Кыргызтелеком” ишканасы менен калкты интернетке туташтыруу долбоорун ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтүү жана биргеликте иш алып баруу макулдашылган. Аймактагы 12 мектепке интернет орнотууда, айыл жерлеринде калкты интернет менен туташтырууда бул эки тараптуу биргелешкен макулдашуу өз натыйжасын берип жатат. Ал эми калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, башкы планды иштеп чыгуу жана калкты жерге жайгаштыруу ишинде райондук архитектура менен тыгыз байланышта иш алып бардык.

Мындан сырткары, аймактагы калктын калың катмарына жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте мамлекеттик бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын багытын жана мазмунун терең түшүндүрүүнү колго алганбыз. Аймактагы калктуу конуштардагы эл көп чогулган жайларга атайын лозунгдар илинген.

– Айыл жеринин инфратүзүмдөрүн жакшыртууга кандай көңүл бурулуп жатат? Алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн жол, суу маселеси биринчи орунда турат эмеспи…

– Элди таза суу менен камсыздоо боюнча аткарылган иштерди жогоруда айтып айтып өттүм. Ал эми жол боюнча маселеге келе турган болсок, быйылкы жылда жол оңдоо иштеринде 1376,5 миң сомдук инвестиция пайдаланылды. Айта кетсек: Благовещенка айылындагы Токтогул жана Барпы көчөлөрүн, Сузак айылындагы Дзержинск, Талип раис, Навои-2 ж.б. көчөлөрдү асфальттоо ийгиликтүү жүргүзүлдү. Аймактагы жаңы көчөлөргө шагыл төшөө иштери аткарылды.

Жыл башынан эле көчөлөрдү иретке келтирүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу иштерин колго алганбыз. Мындан сырткары калкты медициналык жактан тейлөөнү6 балдар бакчаларын капиталдык ремонттон өткөрүүнү ар дайым көзөмөлдөп, көңүл борборунда кармап келебиз.

Маектешкен А.Мурзакматов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: