Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек

Бөлүшүү:

Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек. Мындай талапты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган. Бирок иш алигиче бүтө элек. Ошол эле учурда курулуш иштери үчүн зарыл каражаттар жалданма компанияга өз учурунда бөлүнүп берилген. Ал гана эмес, курулуш учурунда чечүү үчүн кошумча каржылоону талап кылган башка маселелер да келип чыккан.

Ушундай эле жагдай Беловодское айылындагы 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектепти салууда да түзүлүп, ал 4 жылдан ашуун убакытка созулган.

«Биз мурдагы системадан четтеп, узак жүрүп жаткан курулуштардын маселесин жоюшубуз керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга билим алууну камсыздоо үчүн мамлекеттин ресурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу абзел. Өкмөт жаңы мектептерди салууга жана учурда пайдалануудагыларын оңдоого каражат табып жатат. Биз алдыбызга өтө маанилүү милдетти койдук – өлкөдө бир дагы авариялык абалдагы мектеп калбашы керек. Бул үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирип, жөнгө салынган ишти уюштурууга тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөш боюнча эсепке келип түшкөн каражаттардын бир бөлүгү дал ушул мектептерди жана бала бакчаларды курууга жумшалат», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин өз убагында чара көрбөгөндүгү, жалданма компанияларды тандоодогу шалаакылыгы үчүн сынга алды.

«Жалданма компанияларды тандоо маселесине кыйла жооптуу мамиле кылуу зарыл. Эгерде бир жалданма компания өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаса, аны «кара тизмеге» киргизгиле. Мамлекет тарабынан каржыланган курулуш объекттерин алышпасын. Курулуштун мөөнөтү башынан белгиленет, мамлекеттик каражаттар өз убагында бөлүнөт, ал эми жыйынтык жок. Натыйжасында миңдеген адамдардын тагдыры көз каранды болгон ишке шалаакы мамиле кылууга болбойт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Премьер-министр мындай социалдык жайларды куруу долбоорлорун ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кыйла активдүүлүктү жана жоопкерчиликтүүлүктү талап кылды.

Премьер-министр бардык маселелерди ыкчам чечүүнү жана мектепти келерки окуу жылынын башына аяктоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: