Menu

Марлен Маматалиев, ЖКнын депутаты: “Айылыма жеке каражатым менен жардам берип атсам, каршылык кылгандар болду…”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенине аз убакыт болсо да, активдүү депутаттардын катарын толуктап келе жаткан эл өкүлү Марлен Маматалиев өзү шайланып келген аймактын бир топ көйгөйлөрүн чечип берди. Баарыбызга маалым болгондой, айыл жергесиндеги эң чоң көйгөй таза суу, мектеп, оорукана эмеспи. Маматалиевдин аракети менен Алай районуна караштуу Үч-Дөбө айылында социалдык көйгөйлөр чечилип бүттү десек жаңылышпайбыз. Биз да эл өкүлүнүн ишке ашкан демилгелерин кубаттап, кепке тарттык…

—Марлен Абдрахманович, Алай районундагы бир топ социалдык көйгөйлөрдү чечип бериптирсиз. Айыл эли менен баарлашканыбызда, «Көздөн учкан төрөткана азабы чечилди» – деп, айыл эли кубанып жатышат…

—Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгениме 1,5 жылдын жүзү болот. Ант берип, ишке киришкенден кийин эле кичи мекеним Алай районуна караштуу Үч-Дөбө айылына барып бир топ көйгөйлөрүн, тез арада жасалчу иштерди көрүп келгем. Маселелерди чечүүдө бюджеттин тартыштыгына такалып калдык. Ошондо мамлекеттин акчасын мектеп менен таза сууга бурдук. Калган маселелерди өзүмдүн жеке каражатым менен, ошондой эле ар кандай гранттар менен иш алып барып, айылыма жардам берүүнү колго алгам. Атай кетсем, жеке булактардан жана жеке каражатымдан жумшалган акчага айылга чакан ФАП курдук. Айылда төрөткана жок болуп, 90 чакырым алыстыктагы райондук төрөтканага барууга мажбур болушчу экен. Билинбегени менен абдан чоң көйгөй эмеспи. Төрөткана маселеси элдин көзүнөн учуп турганын байкап, чечүү маселесин колго алдым. Жыйынтыгында айылдагы 1956-жылы курулуп, эскилиги жетип колдонууга жарабай калган төрөткананы жаңы салып, медициналык жабдыктарына чейин алып бердим. Жергиликтүү бийлик колдонууга өткөрүп алышты. Азыр ал жерде бир гана төрөт кабыл албастан, айыл элинин ден соолугуна кам көрүү багытында да иш алып барып жатышат.

—Жана башында айтып өткөн таза суу маселеси да чечилип бүттүбү?

—Айылыбыз чоң болгондуктан, кичине бөлүгүнө өз каражатымдан суу чыгарып бердим. Буюрса, дагы бул боюнча иш алып барам. Үч-Дөбөлүктөр коп жылдан бери сугат маселесин чече албай жатышкан. Жүз гектарга жакын жер суу жоктугунан эгин эгилбей туруп калган. ӨКМдан каражат алып, жетпегенин өзүбүз кошуп, бир жарым чакырым жерден суу буруп келдик. Бир бөлүгүнө болсо насос менен тарттырып алдык. Эми буюрса жаз келсе, эл эгин айдап пайдасын көрө баштайт. Жөн эле чөп басып жаткан жерди эми эл үч үн кызмат кылган айдоо жерге айландырдык.

—Чоң атаңыз Мадаким миңбашынын курган мечитин оңдотту деп уктук, бул чынбы?

—Сиз атап өткөн бабам Мадаким миңбашынын айылда илгери өзү курган мечит бар экен. СССР келгенде аны бузуп салышыптыр. Чоң атам Маматали согуштан келгенден кийин 1950-жылдары кайра оңдоп салыптыр. Ал жарабай калган экен, ошол жерге жаңы заманбап мечит салдырып бердим. Ичинде жылуулук системасы бар, ысык-муздак суу чыгат. Мунун баарын мактаныч үчүн эмес, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн, элимдин батасын алайын деп жасадым.

—Бул иштерди жасап бүткөнчө бир топ бут тосууларга кабылыптырсыз. Ачылышын жасабай, жергиликтүү бийлик өткөрүп албай сизди кыйнашыптыр. Бул чынбы?

—Аны да угуп алдыңыздарбы?.. Тилекке каршы, бут тосуулардын болгону чын. Айылдын эли ушунчалык сонун жылуу сөздөрдү айтып мени кубанычка бөлөштү. Ал эми жергиликтүү аткаминерлер жакшы иштерди кылып жатсам, кубанышкан жок. Керек болсо, жардам берүүнүн ордуна тескерисинче ар кандай сөздөрдү айтып, каршы саясат жасап туруп алган көрүнүштөр болду. Мен аларга: «Өкмөттөн эч нерсенин кереги жок. Өзүм барып элге тапшырып келе берем» – деп айттым. Анан гана кыймылдап, жардам беримиш этишти. Анткен менен жүрөгүмдө жаман таасир калып калды. Эмне үчүн ушундай нерселерди кабыл алууда жергиликтүү бийлик бут тосту деген ой дагы деле жүрөгүмдө бар. Мурун-кийин мындай бут тосууларга кабылып көрбөгөндүктөн, мага оор тийди. Саясат дейин десең, мен оппозициялык маанайдагы деле депутат эмесмин. Өкмөттүн ишине каршы деле чыккан жокмун дегендей. Жеке каражатым менен жардам берип атсам, сүйүнгөндүн ордуна, каршылык кылганы адамгерчиликке жатпаса керек…

—Социалдык мекемелерди жеке ишкерлер куруп берүүдө документ иштеринде катуу кыйналышарын угуп эле жүрөбүз. Сиз дагы кыйналдыңызбы?

—Көбүнчө дал ушул маселе боюнча аябай кыйналдык. Мен жөн гана айыл эли үчүн социалдык имараттарды куруп берейин дегем. Документтерди мен жасабайм да. Жергиликтүү бийлик өзү, керек болсо артымдан чуркап жүрүп кабыл алыш керек эле. Биз жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан аябай азап тарттык. Бир жолу палатада депутат Төрөбай Закировичтин: «Айылга төрт тез жардам унаасын алдырып берсем, жарым жылдан бери баланска өткөрүп алышпай аябай кыйнашты» – дегенин угуп таң калгам. Мен өзүм дал ошол көйгөйгө кабылдым. Бюрократиялык көйгөй бар же көрө албастык бар экенин түшүнө алган жокмун.

—Демек, Үч-Дөбө айылындагы социалдык көйгөйлөр чечилип бүттү десек болобу ?

—Ошондой десе да болот. Мен депутат болгонго чейин өзүңүздөр билгендей атам Абдырахман Мадакимович депутат болчу. Атам ал айылдын көпүрөсүн, жолун куруп берген. Мектепти баштап кетти эле, азыр аны бүтүрүп жатабыз. Спорт залын баштап кеткен, ал дагы бүтүп калды. Орчундуу маселелерин чечип бүткөнбүз. Бардык аракетибиз элибиздин турмуш-шартын оңдоого багытталган.

—Депутаттык мөөнөтүңүз аяктаганга чейин дагы бир жыл убактыңыздар бар. Кандай пландарды ишке ашырайын деп ойлонуп жатасыз?

—Элдин жашоосун жакшы жакка өзгөртө турган мыйзам долбоорлорум бар. Алардын баарын ишке ашырганга аракет жасайм. Албетте, менин бул мыйзам долбоорлорумду жактырбагандар эмитен эле чыгып жатат. Себеби, алардын коррупциялык иштерине бөгөт коюлат. Бирок, мен токтоп калбастан, ушул мыйзамдардын ишке ашышына болгон Күчүмдү жумшайм.

Баян Кулова

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: