Menu

Сасыткы саясат кылгысы келгендер же Бакиев менен Конгантиевдин атын көчөгө ыйгарууну каалаган “ириткилердин” максаты эмнеде?

Бөлүшүү:

Эч кимге жашыруун эмес, чейрек кылымдан ашык убакыттагы өлкөбүздөгү бийлик алмашуулар кландык топторду жаратты. Дегенибиз, өлкөнү аялы менен балдарына башкартып жиберсе, бири бир туугандарына мамлекетти менчиктеп берип, дагы бири кеңешчи, жардамчы, жансакчы жана шопурларына өлкөнү чүлүктөп берген өлкө башчыларын көрдүк. Жыйынтыгы эмне менен аяктаганын жакшы билебиз.

Учурда алар өлкөдө жок болгону менен, айрым кадрлары мамлекеттик кызматтарда. Дегенибиз, Акаев менен Бакиевдин кадрлары азыр да бийликтин кайсы бир бутактарында олтурганы жашыруун эмес. Алар кайсы бир учурда эски шефтеринин жакшылыгын упутпай, аларды көкөлөткүсү келип кетишет. Анын фактысына акырында күбө болдук. Алсак, Апрель революциясында негизги каарман болгон Молдомуса Конгантиевдин ысымын Көк-Жар айылындагы бир көчөгө, Ноокен районунун Рахманжан айылындагы бир көчөгө канкор Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылып, талкуу жаратты. Ал ортодо Акаевдин туулган күнү, 75 жаш юблейи менен куттукташып, «Акаевдин Кыргызстанга келишине мезгил келип жетти» деп жагалданып маек берген үлкөндөр да болду. Айтор, качкын ажолорду кастарлагандар коомчулуктун сынына кабылды.

Закиржан Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу менен, жергиликтүү бийлик жетекчилери, ошондой эле ысым ыйгарган айылдык кеңештин депутаттарынын бул акылсыз кадамы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, Апрель революциясында жакындары кан жуткан жана майып болгон жарандардын кабыргасын кайыштырды. Эң жаманы бийликке көлөкө түшүрүштү. Аныгында Конгантиев менен Бакиевдин ысымынын көчөгө ыйгарылганын азыркы бийликтин жасаган иши катары сыпаттап, азыркы бийликти Акаев менен Бакиевди колдоп жатат деп сүрөттөп жибергендер да арбын болду. Бирок, бул аракетти бийликтин жасаган иши катары сүрөттөө акылга сыйбайт. Түпкүрүндө, бул ишти тээ ылдыйда отурган майда-барат жетекчилер кошомат кылып, бир кездеги «шефтерине» жагалдануу үчүн жасап, жалпы бийликти жаманатты кылып жатканын сезди бекен?! Канкорлордун атын көчөгө ыйгарууга намыстанды бекен?

Коомчулуктун нааразычыдык пикиринен соң, Рахманжан айылындагы  көчөдөн Курманбек Бакиевдин ысымы алынды. Тактап айтканда, 11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда 8-августта Ноокендеги «Курулуш 3» айыл аймагындагы көчөгө Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү №4 токтом жокко чыгарылды. Ноокен районунун айыл өкмөтүнүн башчысы Жакшылык Эгембердиев учурда аталган көчөгө жаңы ысымдар сунушталып жатканын билдирип: «Рахманжан айылындагы аталган көчөгө ыйгарылган мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымы алынды. Көчөгө ыйгарылган ысым массалык маалымат каражаттарына маалымат таратылары менен алынган. Учурда аталган окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө. Буюрса, көчө башка атка өзгөртүлөт. Анткени көчөнүн пайдубалы жаңыдан курулуп жаткандыктан, мурун аты жок болчу. Азыр аталган көчөгө башка ысымдар сунушталууда»-деди.

Ошол эле күнү Көк-Жар айыл аймагына караштуу «Милиция шаарчасы» жаңы конушундагы көчөгө коюлган Молдомуса Конгантиевдин ысымы алынып, Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясында Конгантиевдин ысымын көчөгө берүү боюнча мурдагы чечим жокко чыгарылды. Ал көчөгө дароо «Мурас» деген ат берилди.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: