Кытай мамлекетиндеги Гонконгдо окуп жаткан кыргызстандык студенттерге жардам берүү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, Гонконгдогу саясий кырдаалдан улам, кыргызстандык студенттерди жашап турган жеринен аэропортко жеткирүү маселеси каралууда. Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Искендер Орусбаев кыргызстандык студенттер жайгашкан мейманканаларды кыдырып, алардын абалы менен таанышып, бүгүн, 16-ноябрда алты студент менен жолуккан. Алар азыр коопсуз жайда, эч кандай арыз-дооматы жок экенин айтышкан. Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар.
Эске сала кетсек, кечээ, 15-ноябрда Гонконгдо окуган студенттердин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүнү суранышкан. Ушул эле күнү ТИМ Гонконгдо окуп жаткан кыргызстандык үч студент шаардан чыгып кеткенин билдирген.
Бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой, байма-бай болуп келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ