Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 14-ноябрда Жапониянын футболчуларына 2:0 эсебинде утулуп берди. Ошентсе да группада 2-орунда келатышат. Алар эртең, 19-ноябрда Тажикстандын футболчулары менен беттешет. Таймаш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Эске сала кетсек, Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтөт. 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна футбол боюнча кандай даярдык жүрүп жатканы тууралуу 6-ноябрда Өкмөттө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова атайын жыйын өткөргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ