Menu

Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоого 5,7 млн евро грант алат

Бөлүшүү:

Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн 5,7 млн. евро грант алат. Мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Экологиялык реабилитациялоо маселесине арналган Лондондогу жыйында кабыл алынды.

Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул чечим үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди:

— Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүшүн рекультивациялоо боюнча эки долбоорду каржылоого 5,7 млн евро бөлүү тууралуу чечими үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. Рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Ошондой эле келерки жылдын экинчи кварталында Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайда рекультивациялык чараларды баштоо пландалууда», – деди Боронов.

2015-жылы май айында Европа биримдигинин жана ЕРӨБдүн демилгеси менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү фонду түзүлгөн. Фонддун каражатына Борбор Азия аймагындагы үч республиканын жети радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайын рекультивациялоо боюнча чаралар ишке ашырылат. Алардын үчөөсү Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жалпысынан уулуу жана радиоактивдүү заттар сакталган 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Уулуу жана кооптуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: