Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу менен бир машинада чогуу баратып кырсыктап, ооруканага жеткирилген бала каза болду. Анын сөөгү бүгүн, 18-ноябрда жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгынан ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын студенти, 20 жаштагы Ырысбек Алибеков 16-ноябрда, кечке маал каза болгон. Маркумдун мээсине кан толуп, баш сөөгү сынып, абалы өтө оор болгон. Операция жасалгандан кийин да комадан чыкпай, эсине келе албай көз жумган. Соттук-медициналык экспертизадан кийин сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилген.
Эске сала кетсек, 11-ноябрда 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза болгону маалым болгон. Кырсыктын чоо-жайын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ошол эле күнү билдирген.
13-ноябрда жол кырсыгынан каза болгон жубайлар Акжолтой Канат уулу менен жубайы Канатбекова Изаарддын сөөгү Тоң районундагы Ак-Сай айылындагы бейитке коюлган. Ошол эле кұнү алар менен бир машинада баратып, кырсыктан каза болгон алып баруучу Жоомарт Алмазбековдун да сөөгү жерге берилген. Кырсыктан аман калган Ырысбек Алибеков да минтип көз жумуп отурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ