Menu

Быйыл 4500 казак Кытайдын жарандыгынан баш тартты

Бөлүшүү:

Быйыл январдан сентябрга чейин 4 500 казак Кытайдын жарандыгынан баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

​Мекеменин маалыматына караганда, бул аралыкта Казакстандын Кытайдагы элчилиги 35 миң казакка өлкөдөн чыгуу визасын берген.

— 9 400 кытайлык казак Казакстанда жашаган туугандары менен жолугушууга уруксат берген документтерди алышты, — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги быйыл январдан сентябрга чейин чет өлкөлөрдө жашаган 10 790 казак Казакстандын жарандыгын алганын билдирди. Былтыр жылпысынан 18 миң казакка жарандык берилген.

Эмгек жана социалдык колдоо министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын жарандыгын алган казактардын дээрлик жарымы Өзбекстандан, 36 пайызы Кытайдан, 6,2 пайызы Монголиядан жана 5,4 пайызы Түркмөнстандан көчүп келишкен. Казакстан эгемендик алгандан бери жалпысынан миллиондон ашык казак тарыхый мекенине кайтып келген.

Аларга Казакстанда бир жылдык мөөнөткө кайрылман макамы берилет. Бул аралыкта алар жарандык алууга керектүү болгон бардык документтерин топтоп, тиешелүү органдарга тапшырышы керек.

Буга чейин «Азаттыктын» казак кызматы көбүнчө Кытайдан келген кайрылмандар жарандык алууда кыйнала турганын билдирген. Алардын көбү талап кылынган документтерди Кытайга барып алып келүүдөн кооптонуп, тапшырбай калышат. 2017-жылдан бери Кытайдын Шинжаң аймагында азчылыкты түзгөн улуттардын миңдеген өкүлдөрү «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: