Кыргызстандын качкын экс-президенти Кытайдын Шанхай шаарында өткөн академиктердин форумуна катышты. Ал жактан Акаевге Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын физика жана космостук технологиялар институтуна кызматка чакырышкан. Бул туурлауу запастагы генерал-майор Абдыгул Чотбаев 18-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, азыр Акаев Шанхайда форумга катышып жатат.
– Биз байланышып турабыз, 16-ноябрда мага форумда түшкөн сүрөттөрүн жибериптир, – дейт Чотбаев. – Ошондой эле ага бир нече сунуштар түшкөнүн жазыптыр. Бири – Кытайдын Илимдер академиясына жумушка чакырышкан экен. Азырынча экс-президент сунуш үстүндө ойлонуп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ