Menu

Эсептөө палатасынын Соцфондго жазган эскертүү каты коллегияда каралып, анын жыйынтыгында 11 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 6 жетекчиге эскертүү берилген

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом каражат түшкөн.

«Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 млрд 902 млн 495 миӊ сом көп жыйналды. Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», – деди ал.

Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

– Пенсиялык фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;

– Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;

– Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы – 288 млн 839 миӊ сом;

– Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом.

Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду. Андан тышкары, Салык кызматы менен биргелешкен аракеттин найтыжасында өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар 2 млрд 11 млн сомго чейин кыскартылган.

Депутаттар 2018-жылы Соцфонд тарабынан кандай кемчиликтер кетирлгенине кызыгышты. Эсептөө палатасынын аудитору Айжан Садыркулова каржы тартиби көп бузулгандыктан, мүчүлүштүктөрдү оңдоо жөнүндө эскертүү каты жөнөтүлгөнүн белгиледи. «Азырынча Соцфонддун ишиндеги көрсөтүлгөн кемчиликтер толугу менен оңдолуп бүтө элек, жообун күтүп жатабыз», – деди ал.

Ал эми Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев Эсептөө палатасынын эскертүү каты коллегияда каралып, анын жыйынтыгында 11 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 6 жетекчиге эскертүү берилгенин билдирди.

Белгилей кетсек, пенсионерлердин саны жылдан-жылга көбөйүп барат, ушу тапта 667 миӊ пенсионер бар. Пенсионерлердин орточо пенсия өлчөмү 5604 миӊ сомду түзөт. Ал эми таптакыр эмгек стажысы жок жарандар 400 сом менен пенсияга чыгат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туруктуу болушу үчүн 1 пенсионерге 3 иштеген адам туура келиши керек болсо, учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам туура келүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: