Menu

Фергана облусунун башчысы сакалчан фермерге жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев сакал коюп жүргөндүгү үчүн фермерлердин бирин кемсинтип, жыйындан кууп чыкты. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун өзбек кызматы аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү ишкерге шилтеме кылып билдирди.

— Анда президенттик программанын алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси каралган. Облус жетекчиси сакал коюп жүргөндүгү үчүн дыйкандардын бирин элдин көзүнчө кемсинтип, долбоорун тизмеден чыгарып салды. Андан соң залда отурган милиция кызматкерине кайрылып, дыйкандын сакалын жана чачын алып салуу буйругун берди, — деди ишкер.

Ал бул сөздөрүнө далил катары жыйын маалында жазылып алынган бир мүнөттүк аудиотасманы редакцияга жөнөткөн.

Фергана облустук акимчилигинин басма сөз катчысы Мухаммаджон Обидов бул аудиожазуудагы үн Шухрат Ганиевге таандык экенин ырастады.

– Облус башчысы эки күн бою ишкерлер жана дыйкандар менен жолугуп, алардын долбоорлору менен таанышты. Жыйынга айрым катышуучулар спорттук кийим кийип, сакалын жана чачын өстүрүп барышкан. Аким эч кимди кемсинткен жок, болгону аларга эскертүү берди, — деди басма сөз катчы. Ал ошондой эле сакал коюп жүргөндүгү үчүн дыйкандардын биринин долбоору тизмеден чыгарылганын четке какты.

Быйыл сентябрда «Эркин Европанын» өзбек кызматы Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиев кол алдындагы кызматкерлерге сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы өнөктүк баштоо тууралуу тапшырма берип жатканы жаздырылган аудиотасма жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: