Үстүбүздөгү жылдын сентябрында эмгек мигранттарыбыз август айына (2219,4 млн долларга) караганда 209,9 млн доолар, 4,3 пайызга же 9,5 млн доллрага аз акча которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын документтеринле келтирилет.
Негизинен акча которуулар Орусиядан 9,1 млн долларга жана АКШдан 300 миң долларга азайган. Ал эми өлкөдөн 3,1 млн доллар чыгарылган. Негизинен Орусияга көбүрөөк акча которулган.
Ал эми быйыл тогуз айдын аралыгында эмгек мигранттар өз мекенине 1 млрд 780,4 млн доллар которушкан. Былтыркыга салыштырмалуу 191,4 млн долларга аздык кылат (2018-жылы 1 млрд 971,8 млн доллар которулган эле).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ