Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров менен депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Могол айыл өкмөтүнүн аймагынын Ооган-Талаа айылында курула турган ооркананын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коңшу айылдардын тургундары катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Милан Бакиров оорукананын 1956-жылы курулган мурдагы имараты 1990-жылы жараксыз деп табылганын, ошого карабастан ал дагы 20 жыл пайдаланылганын белгиледи. «Жогорку Кеңештин депутаттарынын биргелешкен аракети менен ушул жылдын капиталдык курулуштарынын тизмесине киргизилип, имараттын нолдук циклин курууга республикалык бюджеттен 6 млн сом бөлүнгөн, азыр анын 2 млн сому өздөштүрүлдү», – деди ал.
Мирлан Бакиров калктын ден-соолугун чыңдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, жалпы сметасы 113 сомду түзгөн эки кабаттуу имаратта терапевттик жана төрөт бөлүмдөрү, медициналык тез жардам, үй-бүлө медициналык борборлору жайгаша турганын айтты. «Ошондой эле оорулуулардын дарылануусу үчүн 60 орун каралган. Жалпысынан райондун тоо тарабындагы 4 айыл өкмөтүнүн 60 миң тургунун тейлейт», – деп кошумчалады депутат.
Ал эми депутат Айбек Алтынбеков бул ооркана жергиликтүү тургундар үчүн өтө маанилүү экенин, анткени райондун борборуна барып дарылануу үчүн 50-60 чакырым жол басууга туура келерин белгиледи. Ал Өкмөткө алдыңкы медициналык технологиялар менен жабдылчу заманбап оорукананын курулушун үзгүлтүккө учуратпай, өз маалында каржылап турууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ