Menu

Кыргызстанда 6 млн көчөт отургузулат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, илим, билим берүү жана маданият боюнча комитет 15-мартты “Токой отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө токтомду колдоп берди.

Долбоордун демилгечиси Айнуру Алтыбаева ал күнү 6 млн көчөт отургузуу каралаганын белгиледи. Депутат айым дүйнөлүк практикадан мисал келтирип, Алжирде көчөт отургузуу күнү 27-октябрда, Италия, Бельгия менен Португалия – 21-мартта, Бразилия – 21-сентябрда белгилерин айтты.

“Дүйнөнүн 110 өлкөсү ушундай күндү белгилешет экен. Кыргызстанда дагы токой маселеси курч турат. Бишкекте абага уулу заттар эң көп бөлүнүп чыгат экен. 2018-жылы абага 56,7 миң тонна уулуу зат чыгарылган”, – дейт А.Алтыбаева.

Депутат Евгения Строкова: “Бул долбоор көчөт отургузгусу келген инвесторлорду чектеп койбойбу? 15-мартта гана отургузабыз, башка күндөрү башыбызды оорутпагыла дебейби? Мындай долбоор Амантуров сыяктуулардын (Бишкектин вице-мэри) чырагына май тамызбайбы?” деген суроо берди эле, Алтыбаева:

“Көчөт отургузууга чек коюлбайт, бул долбоор эл массалык түрдө көчөт отургузуп киргенине түрткү гана болот”, – деп жооп берди.

Депутат Жанар Акаев отургузуп гана койбой, анын тагдырына кайдыгер болбой, карап туруу керек экендигин белгиледи. “Бизде жыл сайын эле депутаттар, президенттер, өкмөттөгүлөр көчөт отургузушат, бирок кийин аны эч ким карабай коет. Эгерде ошол отургузулган бактардын бардыгы өсүп кеткенде, жапжашыл өлкөгө эчак айланып калмакпыз”, – деп, сугат маселесине көп көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: