Бирок бүгүнкү күнү жөлөк пулду муктаждардын 40 пайызы гана алат. Ушунча суммага кыскартуу өткөн жумада 2020-жылдын бүджетине жана 2021-жылга божомол жасоодо белгилүү болду. Демек, бул жөлөк пулдардын көлөмү көтөрүлбөйт, бардык муктаж адамдар социалдык коргоого алынбайт дегендик. Депутаттардан, министрликтин өкүлдөрүнөн, бейөкөмөт уюмдардан куралган жумушчу топ “Үй-бүлөгө көмөк” деген жөлөк пулду калктын эң жакыр катмары албай келгенин аныкташкан. Анан минтип келечекте бөлүнчү сумманы кыскартып олтурушат. “Белиңди бекем бууп, бейтарапка кете бер” деп айткан гана киши жоктой…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ