Menu

Улгайган кароолчуну сабаган жигит милицияда иштеген

Бөлүшүү:

Бишкекте 59 жаштагы кароолчуну сабаган деп шектелген неме мурда милицияда иштеген. Бул тууралуу 18-ноябрда Бишкектин ШИИБиси билдирди.

“Мирмухамбет Ишембекович Ишембеков, 1991-жылы туулган, 2014-жылдын октябрынан 2015-жылдын февралына чейин Ош облусунун ИИБиснин күзөттүк кызматында иштеген”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-октябрга караган түнү Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кароолчусу короодон белгисиз жигиттер арак ичип ызы-чуу салышканын көрөт.  Бири токтоп турган авунаалардын бирине заара ушатканын көрүп, кароолчу эскертүү бергенде, берки неме айтыша кетип, акыры улгайган кишини сабап салган. Андан кийин 01 KG 177 ACI мамномурлуу, күмүш түстүү Land Cruiser 100 жолтандабас менен кетип калган. Улгайган киши оор жаракатттар менен оорукага жеткирилип, Ишембековго бейбаштык менен издөө салынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: