Menu

Беларуста Өкүлдөр палатасына бир дагы оппозициячыл талапкер өткөн жок

Бөлүшүү:

Беларусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Өкүлдөр палатасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады.

Оппозициячыл партиянын өкүлдөрү 110 орундуу парламенттин төмөнкү палатасынан бир дагы мандат ала алган жок. Коммунисттик партия – 11 мандат, Либерал-демократиялык партия – 1 мандат, Республикалык эмгек партиясы – 6 мандат, Беларус патриотттук партиясы – 2 мандат, Агрардык партия – 1 мандат алды.

Парламентке 66 эркек жана 44 аял келди. Өкүлдөр палатасындагы депутаттардын ичинен 30у кайра шайланды. Өкүлдөр палатасы 30 жашка чейинки эки киши менен толукталды.

Жетинчи чакырылыштагы Өкүлдөр палатасына шайлоо 17-ноябрда өттү. Беларус Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, шайлоочулардын 35% алды ала добуш берген. Айрым жарандар, алардын ичинде студенттер бийлик аларды алдын ала шайлоого катышууга мажбурлаганын айтып чыгышкан.

Көз карандысыз байкоочулар БШК шайлоого катышкандардын санын эки эсе жогорку көрсөткөнүн билдиришүүдө.

Беларуста парламенттик шайлоо негизи келерки жылы өтмөк, бирок кийинки жылга президенттик шайлоо да белгиленгендиктен Лукашенко парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү чечкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: