Menu

Балык өндүрүүчүлөргө уруксат кагаз берүү башталды

Бөлүшүү:

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти форель-гегаркуни жана сига-
лудога балыктарынын күзгү-кышкы урук чачу мезгилинин башталганына байланыштуу
балык өндүрүүчүлөрдү кармоого уруксаат кагаздарын берүүнү баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен Тоң балык өстүрүү заводуна жана «Балыкчылар» ЖЧКсына азыркы убакта (18.11.19) форелдин 130 миң даана уруктандырылган икрасы даярдалып, жасалма инкубациялоочу аппаратына салынды жана дагы 80 миң даанага карата иштер уланып жатат.

Сига-лудога балыгынын уруктарын жасалма жол менен инкубациялоо максатында «Соң-
Көл балык чарбасы» Мамлекеттик ишканасына уруксат кагазы берилди. 2019-жылдын 18-ноябрына карата балык чарба тарабынан 3 млн. 400 миң даана урук Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехине салынды. Соң-Көл балык чарбасы сига-лудога балыгынын уруктарын даярдоо иш чараларын улантууда.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти КРнын Илимдер Академиясынын
Биология Институту менен биргеликте бекитилген «2019-2020-жылдарга карата КРнын
аймагында жайгашкан балык чарба багытындагы көлмөлөрдү балыктандыруу
тапшырмасынын» негизинде урук чачуу мезгилинен баштап Ыссык-Көлдөгү сига-лудога
балыгынын өндүрүүчүлөрүн, анын ичинен Тоң балык өстүрүүчү заводуна, «Кара кол
балыгы» ЖЧКсына, жана ошондой эле Тоң балык өстүрүүчү заводуна Орто-Токой суу
сактагычында сига-лудога балыгынын өндүрүүчүлөрүн кармоого уруксат кагаздарын
берүүгө даярдыктар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: