18-ноябрда балдары ал мектепте окуган ата-энелер мектеп администрациясына келишип, 12 жашар кыздын зордукталганы боюнча ызы-чуу салышты. Шектүү киши видеокамераларга түшүп калган, бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Бул тууралуу 19-ноябрда КТК телеканалы билдирди.
Мектептин имаратында бир эле ажаткана бар экен, анын үстүнө дайыма жабык турат. Ошондуктан балдар сырттагы ажатканага барганга аргасыз. Ал ажатканга көчөдөн ары-бери өткөндөр да кире алышат. Жетинчи класстын окуучу кызы география сабагынан суранып, дал ушул сырттагы ажатканага барган. Кыз болгон окуяны дароо класс жетекчисине айтып берген. Шектүү “аңги” эки сааттан кийин кармалган.
“Кыз аны дароо тааныды. Азыр изоляторго камадык. 38 жаштагы шектүү киши мурда уурулук боюнча соттолгон. Үй-бүлөсү жок”, – дейт Жамбыл облусунун полиция департаментинин басма сөз катчысы.
Нааразы болгон ата-энелер көбүрөөк камераларды коюуну талап кылышкан. Бирок камералар мектепте жетиштүү. Кылмышкер аларга даана түшкөн. Бирок камерадан көзүн албай олтурчу кароолчу өз ордунда болгон эмес.
Кызды психолог карап, бир нече күндөн кийин мектепке бара берсе болорун айткан. Ал эми айбандын күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ