Укук коргоочу Рита Карасартова УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин отставкага кетиши керектигин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, кол топтоо боюнча пост калтырды.
«Мамлекетибизде коопсуздукту камсыз кыла турчу мекемелер өздөрү түп тамырынан чирип бүтүштү. Жогорку Кеңеш бул башаламандыкты көзөмөлгө алгыла, УКМКнын жетекчиси отставкага кетиши керек! Дагы кандай мыйзам бузуу болушу керек? Оңолууга аттанабызбы же баарыбыздын башыбызга келмейин отура беребизби? Биз коопсуздук органдары мамлекеттин жана ар бир жаранынын коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканын моюнга алышыбыз керек! Ошондуктан, бул кайрылууну жайылтып, кол топтоого жардам бергиле!»,-деп коомчулукка кайрылды укук коргоочу.
Ошондой эле Рита Карасартова, сөзүм куру болбосун деп Опумбаевдин кетирген каталарынын четин эле тизмелеп берди. Ал УКМКдагы кылмыш иши боюнча өтүп жаткандардын далилдеринин уурдалышы, Баткен облусунун прокурорунун жана кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү, ШИИББдагы 20 кылмыш ишинин жоголушу, ЖАМКтын тергөөчүсүнүн пара талап кылышы тууралуу жаңылыктар мамлекеттик түзүмдүн кыйроо даражасын, криминалдашканын көрсөтүп тураарын баса белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ