Menu

Биздин өлкө “проходной дворго” айланганбы?

Бөлүшүү:

“Мамлекеттин эң башкы функциясы – товарларга көзөмөл жүргүзүү”. Ушинтип 19-ноябрда “Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн бүгүнкү көйгөйү” деген терегек үстөлдө “Экопродукт Азия” ЖЧКсынын башкы директору Дастан Өмүралиев айтты.

“Биздин өлкө, орой айтсам, проходной двор болуп калды. Макул, түшүмдү сактоонун мөөнөтү соңуна чыкты дейли, аны кайра чаптап койсо болот экен, анан эмнеге эл ууланып жатат деп таңгалабыз”, – деди ал.

Ал продукциялардын кирүүсүндөгү көмүскө схемаларга токтолуп, мамлекеттик органдар ким импортер, ким дистрибьютер, товар каякта сакталып жатат, кантип сатылып жатат, кантип ыргытылып жатат, эч ким көрбөй жатканын айтты. “Биздин коңшуларда бул так ишке ашып турат”, – деп кошумчалады Дастан мырза.

Анын айтымында, автоматташтырылган маркировка системасын киргизүү боюнча жоопкер орган Мамлекеттик салык кызматы, бирок алардан кыймыл-аракети байкалбайт. Ошондой эле товар сатып алган кардар товардын сыртындагы жазууларга көп көңүл бурбаганын белгилеп, маркировка эрежеси бузулуп жатканынан мисал келтирди. Мисалы, ширенин негизги тарабында “шире” деп жазылып турса, арткы бетинде – “суусундук” деп турат дейт. Ал эми товар консервантсыз деп жазылганы менен курамында натрийдин бензоаты менен калийдин бензоаты көрөтүлгөн. Мындай учурда көзөмөлдөгөн Мамлекеттик монополия агенттиги чара көрүшү кажет. Бирок бул агенттиктин орустардын Роспотребнадзорундагыдай укугу жок экенин белгиледи.

“Биздин баалуулуктар жаман жагына өзгөрдү. Азык-түлүктөн үнөмдөчү болдук, бул ден-соолукка тиет, ал эми телефон менен буюмдарга эч нерсе үнөмдөбөйбүз”, – деп Дастан мырза Роспотребнадзор сыяктуу орган түзүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. “Балким ошондо базарда бирдей эреже түзүлүп, кардарлардын укукгу корголуп, көмүскө импорт кыскарып, бүджет толо баштайт”, – деди ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: