Menu

Көмүрдүн баасы дагы 2,8%га кымбаттады

Бөлүшүү:

Казакстандын “Шабыркул” көмүрү быйыл Кыргызстанга жылдагыдай келген жок. Ошондон улам ички көмүр өндүрүү жана аны ташып келүү активдүү жүрүүдө. Ушул кезде Кара-Кече көмүрү гана баардык жерде сатылып жатат. Кыргызстанда бир топ жерде көмүр кендери бар. Бирок, алардын бир тобунун өндүрүп чыккандан кийин ташып алып келүү шарттары оор экени белгилүү. Ошого карабай ал шахталардан деле көмүр ташуу жүрүүдө. Тилекке каршы, аз болууда. Ошондон уламбы, көмүрдүн баасы күн санап көтөрүлүүдө. Маалыматка ылайык көмүрдүн баасы эки жума ичинде эле 2,8%га кымбаттаган.

Ушул эле айдын эки жумасында көмүрдүн бир тоннага болгон баасы октябрь айына салыштырмалуу 126,38 сомго өскөн. 14-ноябрга карата берилген маалымат боюнча Кара-Суу шаарында 1 тонна көмүргө болгон орточо баа – 8,4 миң сомду, Баткен облусунда – 7,4 миң сомду, Ноокат районунда – 7,2 миң сомду түзөт.

Көмүр кенине жакын Чаек айылында эң арзан баа катталып, анда бир тонна көмүрдүн баасы – 2,5 миң сомду түзөт. Нарын шаарында – 3,5 миң сом, Балыкчы шаарында – 3,6 миң сом турат.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: