Иранда бензиндин баасы эки эсе кымбаттап, буга нааразы болгон эл көчөгө агылып чыга баштаган. Иран бийлиги күч колдонууга барып, эл менен полициянын тиреши күч алган эле. Кечээ Борбордук банктын имаратын өрттөгөндөрүн батыш журналисти Эри Лейк Твиттердеги баракчасына жайгаштырды. Нааразы болгон эл көзөмөл кылган видеокамералардын бардыгын талкалай башташкан. Негизи азыр Иранда абал курч. Бийлик болсо дале душманды АКШдан көрүп, ошолор уюштурганын айтууда. Видео:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ