Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-ноябрда Хатлон облусунун Левеканд шаарында атышуу болгонун расмий түрдө тастыктады.
Министрликтин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, жаатташкан эки топ пневматикалык курал колдонгон. Тергөө иштери уланууда.
Буга чейин “Эркин Европанын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен Левеканд шаарындагы атышуу учурунда бир киши жаракат алганын кабарлаган.
Жаңжал жер тилкеси жана карыз кайтаруу маселесинен улам келип чыкканы айтылууда.
Леваканд шаарынын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Ахрор Иззатуллоев атышуу учурунда эч ким жаракат албаганын, жаңжалдашкандар асманга ок атышканын билдирди.
Быйыл жазында Хатлон облусунун Бохтар шаарында куралдуу жаңжал чыгып, үч киши, анын ичинде милиция офицери жаракат алган. Анда да ок атышуу карыз өндүрүү маселесинен улам келип чыкканы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ