Кыргызкөмүр» ишканасынын директору Канатбек Аширбаев бүгүн, 19-ноябрда журналисттерге жыйын өткөрдү.
Анда журналисттер 30-октябрда капысынан кол салуу боюнча иш кайсы стадияга жетип калганы боюнча суроо беришти. Анда ал кол салуудан кийин дароо эле Октябрь РИИБге арыз менен кайрылганын, ал ишти учурда укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бирок кайсы стадиясына жеткенин билбестигин, кабарым жоктугун айтты.
Ошондой эле ал жеке душмандары жоктугун, кол салуу анын кесибине байланышы бар болушу ыктымалдыгын кошумчалады. «Бул кол салуу ишиме байланыштуу болушу ыктымал, себеби, Кара-Кечеде видео камералар орнотулууда, ал көмүр алып иштегендерге жакпай калышы мүмкүн. Ал боюнча дооматтар айтылган, бирок, коркутуулар болгон эмес», -деди ал.
Эске салсак, аталган ишкананын директору Канатбек Ашырбаевге 30-октябрда капысынын кол салуу болуп, ал оор жаракат алып, ооруканага жатып дарыланып чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ