Ош шаарындагы дарыкананы тоноп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Ош шаарындагы ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бул окуя 16-ноябрда, болжол менен кечки саат 21:45те Ош шаарында болгон. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дарыканага беткап кийген эки бала кирип, сатуучуну бычак менен коркутуп, кассадан 16 миң сом алып кетишкен. Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, иликтенүүдө
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ