Menu

Топ мушташта жаракат алган бала ооруканага жеткирилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубунун жанында мушташ болгонун  Бишкек шаардык милициясы тастыктады.

Алардын билдирүүсүнө караганда, балдардын массалык мушташы 19-ноябрда, түн ичинде Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубунун жанында болгон. Ал жерде топ балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат 102 номерине 19-ноябрда, түнкү саат 2:57де келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул милициясы барып, эч кимди таппай калган. Бирок, издеп жүрүп, ошол жактагы үйлөрдүн биринен таяк жеген 23 жаштагы К.И. баланы таап, дарыгерлерди чакырган. Мушташтан жаракат алган бала Улуттук госпиталга жеткирилген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбашчылык”) боюнча каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: