Menu

Депутат Акылбек Жапаров: “Расмий келген ири дистрибьютерлер Кыргызстандан Казакстанга кетип, эми алардын продукциясы бизге контрабанда түрүндө келип жатат”

Бөлүшүү:

“Кыргызстан Казакстанга салыктан да алдырып койду”, – ушинтип 19-ноябрда депутат Акылбек Жапаров (“Бир бол”) ЖКнын экномикалык жана фискалдык саясат комитетинде айтты.

Анын айтымында, расмий келген ири дистрибьютерлер Кыргызстандан Казакстанга кетип, эми алардын продукциясы бизге контробанда түрүндө келип, инвесторлор кетип жатыптыр.

Депутат Кыргызстанда миңдей расмий дистрибьютерлер бар экенин, алардын 300дөн ашыгы бүджетке бир тыйын төкпөгөнүн маалымдады.

“Биз Социалдык фонддо реформа жасабай жатабыз, а бул мындай абалга катуу таасир берип келет”, – деди ал.

Ошондой эле өлкөдө дефляция болуп, бул инвесторлорго терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

“Бизге акча тапканы келип жатышат, бирок тескерисинче болуп, өз товарын өндүрүп алып, же ички рынокто, же сырткы рынокто сата албай жатышат. Силер Улуттук банк менен бирдикте инфляцияны нөлгө алып келип, өлкөнү дефляцияга чейин жеткирдиңер, бул жакшы эмес”, – деп ал өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: