Menu

Кыргыз паспорту бар киллер 20 жыл тергөөдөн качып, Испанияда жашынып жүргөн

Бөлүшүү:

2019-жылдын июнунда орусиялык киллер (жаналгыч) Борис Мазутный Испаниядан Орусияга которулду, ага оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде киши өлтүрүү жана бандитизм беренелери коюлган. Бул маалыматты Орусия ИИМи да тастыктаган.

2013-жылы ИИМ менен ФККнын (ФСБнын) регионалдык башкармалыктарынын кызматкерлери банданын жетекчилери менен активдүү мүчөлөрүн кармап, алар сотко өткөн. Айыпталгандардын бири – 1967-жылы туулган Уссурийск шаарынын тургуну Б.Мазутный качып кеткенге үлгүргөн.

“Приморье крайы боюнча күч түзүмдүн демилгеси менен ага эл аралык издөө жарыяланган. Кийин жасалма ысым менен, кыргыз паспорту болуп, Испанияда жүргөнүн аныкташкан. Кийин аны Аликант шаарынан кармашкан”, – дейт Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк.

Тергөө аныктагандай, Мазутный Александр Расторгуевдин ишенимдүү кишиси болуп, анын тапшырмаларын аткарып, Банзай каймана аты бар Сергей Гостюшевди өлтүрүүнү уюштурган.

1998-жылдын 6-июлунда Александр Расторгуевдин “Уссури-сервис” компаниясынын кеңсесинде жардыруу болуп, бирок ишкер аман калган.

Бул кол салууну А.Расторгуев Сергей Гостюшевден көрүп, өч алууну чечет. Бир жумадан кийин Банзай олтурган автоунаа автомат жана ТТ тапанчасы менен чайкама атылган. С.Гостюшев ошол жерден жан берген, жанына өтүп бара жаткан машинедеги аял жарадар болгон.

Бул кылмыш 15 жылдан кийин ачылган. 2013-жылы А.Расторгуев жана киши өлтүрүүгө катышкан эки шериги – Евгений Костров менен Александр Бычков колго түшкөн. Акыркысы бардыгын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, 2014-жылы катуу режимге 7 жылга кесилген. А.Расторгуев күнөөсүн мойнуна албай, 2016-жылы 17-февралда 16 жылга, Е.Костров – 13 жылга эркинен ажыратылышкан. Жактоочулардын апелляциясын карап чыгып, сот А.Расторгуевдин жаза мөөнөтүн эки жылга кыскарткан.

Ал эми “Кылмыштуу Орусия” («Преступная Россия») сайтынын маалыматына ылайык, Борис Мазутныйды Рустам Назаров деген ысым менен жүргөн жеринен табышкан. Аны өмүр бою эркинен ажыроо жазасы күтүп жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: