Menu

Фоторепортаж — “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” жогорку деңгээлдеги донордук форуму

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Форумга Дүйнөлүк банк, БУУ агенттиктери, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Европа Биримдиги, Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, ЕККУ, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коом (GIZ), JICA, KOICA, USAID, Сорос фонду, Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттиги (ТИКА) Сауд өнүктүрүү фонду, Ага-Хан өнүктүрүү тармагы, Эл аралык электр байланыш биримдиги ж. б. уюмдардын, түзүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү чакырылган.

Донордук коомчулуктун алдында сүйлөп жатып Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ички ресурстары бар экенин, бирок өнөктөштөрдүн да колдоосун күтөөрүн белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттары тууралуу кеңири айтып берди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан донорлор менен бирдикте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганын ыраазычылык менен белгиледи жана мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.

«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Чыгып сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, БУУнун башкы катчысынын Орто Азиядагы атайын өкүлү Наталья Герман, ЕБдин Борбор Азия боюнча атайы өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Европа жана Азиядагы стратегия жана операциялар боюнча директору Мариам Шерман, USAID /Вашингтондун Борбор Азия боюнча өкүлү Хавьер Пьедра Кыргызстандын Президенти баштаган демилгелерди колдошуп, өлкөдө реформаларды киргизүүдөгү алгылыктуу динамиканы белгилешти жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даярдыктарын билдиришти.

Форумдун катышуучулары КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн сунуштары, «Регионалдык өнүгүү жана инвестициялык климат» панелдик сессиясынын иши менен таанышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: