Menu

УКМКдан жоголгон 200 миң долларга депутат Канат Исаевдин кандай тиешеси бар?

Бөлүшүү:

УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар уурдалганы белгилүү болду. Бул акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев пара менен колго түшкөндө алынган акча экени айтылууда.

Айрым маалымат каражаттары бул ишке депутат Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгулов шектелип жатканын жаза башташты. Ишенгулов акча уурдалганга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгында иштегени дайын.

ММКларда жарыяланган маалыматтарды топтосок, депутаттын күйөө баласы тергөө башчысынын кабинетинен акчаны алып чыккан, бул иш жекшемби күнү – УКМКнын башкы имаратында кызматкерлер жок учурда болгон.

Анткен менен имараттын ичине да сыртына да коюлган видеокамералар тууралуу сөз болгон эмес. Ишенгулов кылган иш болсо видеокөзөмөлгө түшүшү керек эле, бирок тийиштүү кызматтар видео тууралуу эч нерсе дешкен эмес.

Анткен менен депутаттын күйөөбаласы акча уурдалгандан кийин эле “Лексус 570” автоунаасына ээ болуп калганы да айтылып жатат. Кийинчерээк Канат Исаев да УКМК тарапка барганы, аны көргөндөр болгону белгиленген. Депутаттын коопсуздук кызматына болгон сапарын күйөө баласы катышкан ишти жайгарып, акчаны кайтарып берүү аракетин көрүү катары сыпатташты. Акча уурдалгандан кийин Ишенгулов иштен арызын жазып кетип калган.

Маалымат каражаттары Канат Исаевдин кызы, Бакай Ишенгуловдун жубайы Бермет Исаев менен байланышкан. Бирок ал мындай маалыматты укпаганын айтып, пикир билдирүүдөн караманча баш тарткан. Уу-дуу болгонуна карабай бул маалыматты УКМК төгүнгө чыгарып же тастыктай элек. Канат Исаев тарап да тынч.

Мыйзам боюнча пара менен кармалган тараптан алынган акча тергөөчүдө сакталбайт, ал сотко далил буюм катары өткөрүлөт. Ал эми жогоруда кеп болуп жаткан 200 миң доллар өткөрүлгөн эмес.

Улан Чалбаев өткөн жылдын 16-апрелинде кармалган. Ошол убакта Чалбаев мурдагы депутат Карганбек Самаковдун жаза мөөнөтүн азайтуу үчүн аракет кылууга 500 миң доллар сураганы айтылган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: