Ушинтип 19-ноябрда экс-президенттин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында акыркы ирет жубайы Раиса жана уулу Кадырбек Атамбаев менен 17-октябрда жолуккан. Бирок 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Эмилбек Каипов негизсиз эле үй-бүлөсүнүн жолугушуу жөнүндө өтүнүчүн четке какты.
“Камактагыларды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга ылайык кылмыш иш өндүрүшүндө турган соттун кат түрүндөгү уруксаты керек, айына эки жолу 3 саатка чейин жолугушууга болот. Эң башкысы – бүгүн жолугушууга уруксат бербегенге эч негиз жок”, – деп жазат жактоочу.
Эскерте кетсек, А.Атамбаев укук коргоо органдардын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү, киши өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, коррупция боюнча айыпталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ