Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү жашыруун болбой калды. Ага карабай Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоков аны менен тыгыз мамиледе болуп келген экен. Аны социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрү далилдеп турат. Баарынан да ошол каргашалуу окуя болгон учурда Э. Сопоковт го тиешелүү Рейнж Ровер үлгүсүндөгү машина ошол жерде табылгандыгы бул экөөсүнүн мурдатан эле тыгыз мамиледе экендигин далилдеп турат.
Президент бул кабар коомчулукка жарыялангандан кийин эле көп өтпөй Сопоковду кызматтан алып, азыр УКМК, ТИМден түзүлгөн комиссия Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Комиссия ишин бүткөндө эми жашырууга мүмкүн болбой калган чуулгандуу өлүм жана Саймаитинин Сопоков менен мамилеси тууралуу маалымат беришер.
Ага чейин кыргыз коомчулугун таң калтырган дагы бир жагдайлар ачыкка чыгып кетти. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, Айеркен Саймаити Фейсбук социалдык тармагында Семет Эркин аттуу аккаунт менен колдончу экен. Ал баракчага кирсек, Саймаити Кыргызстандын толгон-токой саясатчылары менен “дос” (в друзьях) экендиги маалым болуп отурат. Анын канчасы Саймаити өлтүрүлгөндөн кийин “достуктан” чыгып кеткендигин жалгыз бир кудай билет. Учурда анын “достугунда” депутат Чыныбай Турсунбеков, мурдагы айыл-чарба министри Нурбек Мурашев, Темирлан Токобеков жүрөт. Азырынча аты аталган саясатчылар бул жагдай тууралуу ак же көк деп жооп берише элек.
Баса, Семет Эркиндин «досторунун» катарында айтылуу Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков дагы бар болчу. Бирок ал мындай окуя болуп кеткенден кийин «в друзьяхтан» чыгып кетүүнү туура көргөн окшойт.
Депутат Төрөбай Зулпукаров болсо Сопоковдун уулу өзүнүн жардамчысы катары иштеп жүргөндүгүн, атасынын чуулгандуу окуясынан кийин арыз жазып кетип калгандыгын айтып актанды.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ